Русский
RU
KG

«НУР Телеком» ТТБ


«О!Касса» онлайн контролдук-кассалык машинасы маалыматтарды иштеп чыгуу, сактоо жана Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик Салык кызматына ѳткѳрүү, сатып алуучуларга чектерди жѳнѳтүү мүмкүндүгүн берет.


Биз менен кызматташуудан сиз бизнесиӊизди мыйзамдуу, натыйжалуу жана ѳзүӊүз үчүн ыӊгайлуу жүргүзүү менен катар эле, инновациялык кызматка – каалаган түзүлүштѳ (ПК, ноутбук, планшет же смартфон) колдонууга боло турган салттуу касса аппаратынын толук функционалына ээ «О!Касса» онлайн контролдук-кассалык машинасына мүмкүндүк ала аласыз.

КОШУЛГАН УЧУРДАН БАШТАП «НУР ТЕЛЕКОМ» ТТБ КЫЗМАТТАРЫ
2023-жылдын 31-августка чейин
АКЫСЫЗ КӨРСӨТҮЛӨТ!

0501-78-00-78 жана *7878
(О! түйүнүнүн абоненттери үчүн)

«НУР Телеком» ТТБ

«НУР Телеком» фискалдык маалыматтардын расмий оператору маалыматтарды иштеп чыгуу, сактоо жана Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик Салык кызматына ѳткѳрүү, сатып алуучуларга чектерди жѳнѳтүү мүмкүндүгүн берет.

Биз менен кызматташуудан сиз бизнесиӊизди мыйзамдуу, натыйжалуу жана ѳзүӊүз үчүн ыӊгайлуу жүргүзүү менен катар эле, инновациялык кызматка – каалаган түзүлүштѳ (ПК, ноутбук, планшет же смартфон) колдонууга боло турган салттуу касса аппаратынын толук функционалына ээ «О!Касса» онлайн контролдук-кассалык машинасына мүмкүндүк ала аласыз.

КОШУЛГАН УЧУРДАН БАШТАП «НУР ТЕЛЕКОМ» ТТБ КЫЗМАТТАРЫ
2023-жылдын 31-августка чейин
АКЫСЫЗ КӨРСӨТҮЛӨТ!

0501-78-00-78 жана *7878
(О! түйүнүнүн абоненттери үчүн)

Сервистин сыпаттамасы

«О!Касса» онлайн контролдук-кассалык машинасы «НУР Телеком» техникалык тейлөө борборунун негизинде — бул сиздин салык маалыматтарыӊызды иштеп чыгуу, сактоо жана ыйгарым укуктуу салык органдарына ѳткѳрүү сервиси. Сервис сатып алуучуларыӊызга электрондук чектерди жѳнѳтүү мүмкүндүгүн берет. Биздин сервис бекитилген ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын Реестрине киргизилген.

«НУР Телеком» ТТБ сиздин бизнесиӊизге эмнелерди камсыздай алат

Ишенимдүүлүк
Маалыматтарды салык кызматына кечигүүсүз тапшырыӊыз. Биздин тутумдар жогорку жүктѳмгѳ туруштук бере алат, ошондуктан жабдуунун үзгүлтүксүз иштешине кепилдик бере алабыз.

Коопсуздук
Салык кызматына чектерди биз шифрленген каналдар аркылуу жѳнѳтѳбүз — ортодон аларды кармап калуу мүмкүн эмес!

Резервдик кѳчүрүү
Сиз салык кызматынын алгачкы талабы боюнча сатууга байланыштуу маалыматтарды дароо бере аласыз, себеби маалымат 6 жыл бою сакталат жана анын резервдик кѳчүрмѳсү түзүлѳт

Чектерди email, WhatsApp, Telegram аркылуу жѳнѳтүү…
Операциялардын тарыхчасынан керектүү чектерди таап, сатып алуучунун талабы боюнча ѳзү үчүн ыӊгайлуу жол менен жѳнѳтүӊүз

24/7 колдоо
Биздин адистер сизге күнү-түнү жардам кѳрсѳтүүгѳ жана «НУР Телеком» ТТБ кызматтарына байланыштуу бардык суроолор боюнча консультация берүүгѳ даяр

Ыӊгайлуу инструменттер
Жеке кабинетте сиз үчүн кассаларды башкаруу боюнча инструменттер, кассалар менен соода түйүндѳрүнѳ тийиштүү толук статистика берилген

Жѳнѳкѳй ырастоолор
Сизди ыраазы кылыш үчүн биз сервисти жѳнѳкѳй жана ыӊгайлуу кылууга аракет жумшадык

География
«НУР Телеком» ТТБ кызматтары Кыргыз Республикасынын жалпы аймагында кѳрсѳтүлѳт

Тарифтер жана баалар

«НУР Телеком» ТТБ кызматтарынын баасы жана тарифтери

  • ПККМны каттоодон ѳткѳрүү, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу – акысыз.
  • Техникалык колдоо – акысыз
  • Тейлөө жана кепилдик кызматы – 100 сом, тейлеген ПККМ санына карабастан
  • «НУР Телеком» ТТБ кызматтарын кѳрсѳтүү жѳнүндѳ келишимди жолжоболоштуруу – бардык салыктарды эсепке алганда 150 сом.
  • «ПККМ онлайн» тарифтик планында ТТБ кызматтарын кѳрсѳтүү үчүн абоненттик тѳлѳм:
  • Кошулган учурдан баштап «ПККМ онлайн» тарифтик планында ТТБ кызматтары 2023-жылдын 31-августка чейин толугу менен акысыз кѳрсѳтүлѳт!
  • Андан ары ай сайын тѳлѳнүүчү абоненттик тѳлѳмдүн баасы кошулган ПККМ санына жараша болуп, 100+150*n формуласы боюнча эсептелет. Бул жерде n – ПККМ саны (ПККМ минималдуу саны = 1, ПККМ максималдуу саны – чексиз). Ошентип, ай сайын тѳлѳнүүчү абоненттик тѳлѳмдүн ѳлчѳмү тѳмѳнкүдѳй болот:
Топтом Баасы
«Тейлөө + 1 ПККМ» 250 сом
«Тейлөө + 2 ПККМ» 400 сом
«Тейлөө + 3 ПККМ» 550 сом
«Тейлөө + 4 ПККМ» 700 сом

Баасы бардык салыктар эсепке алынып кѳрсѳтүлгѳн.

Кантип кошсо болот?

«НУР Телеком» ТТБ кызматтарын кѳрсѳтүү жѳнүндѳ келишимди каалаган O!Store фирмалык дүкѳнүнѳн түзѳ аласыз. Жаныӊызда тѳмѳнкүдѳй документтердин топтому болууга тийиш:

ПККМ ЖѲНҮНДѲ

«О!Касса» онлайн контролдук-кассалык машинасы сиздин смартфондо, ноутбукта же компьютерде!

Бүгүнкү күндѳ жогорку баадагы стандарттуу кассалык машинаны колдонуудан баш тартып, кыйла жеткиликтүү жана технологиялык чечимди пайдалана аласыз, ал эми биз аны ырастоого жана ыйгарым укуктуу салык органында каттоодон ѳткѳрүүгѳ жардам беребиз.


«О!Касса» бардык кассалык операцияларды — сатуулар, кайра кайтаруулар, нѳѳмѳттү ачуу жана жабуу, акча берүү жана тѳлѳѳ, ара жыйынтыктар жана башка иш-аракеттерди аткара алат. Кардарлар менен эсептешүүдѳ накталай акча, банктык карталар жана «О!Деньги» кызматы аркылуу электрондук акча колдонуу мүмкүн. «О!Касса» жѳнѳкѳй жана интуициялык жактан түшүнүктүү интерфейске ээ. «О!Касса» мобилдик онлайн-кассасы – бул азык-түлүк, кийим-кече, тиричилик буюмдары, курулуш материалдары дүкѳндѳрү, соода борборлорундагы павильондор, киосктар, минимаркеттер жана куюп сатылуучу суусундуктар дүкѳнү, билет сатуучу агенттиктер, курьердик кызматтар жана башкалар кирген чакан бизнеске багытталган чечим.

oops
Электрондук отчёттор

Сатуулар, товарлар, нѳѳмѳттѳр жана кассирлер боюнча статистика.

oops
Мобилдик тиркеме

Дүйнѳнүн бардык бурчунан смартфон аркылуу сатууларды башкаруу.

oops
Жеӊил жана түшүнүктүү интерфейс

Каалаган сандагы кассалар менен иштѳѳ ыӊгайлуу болгон Жеке кабинет.

oops
Күнү-түнү колдоо

Адистер жумасына 7 күн суткасына 24 саат бою жооп беришет

Бизге   же  жазыӊыз
Же дароо азыр
номерине чалыӊыз
О! абоненттери үчүн чалуу акысыз
Башка мобилдик операторлордун
абоненттери үчүн
(чалуу сиздин тарифтик планыӊызга ылайык тарификацияланат).
Үйрөтүү видеороликтер
Байланыш учүн

Башкы кеӊсе: Бишкек ш., Абдрахманов кѳч., 170\2, Блок 2.


Email: kkm@nurtelecom.kg, тел.: 0501-78-00-78 жана *7878


«НУР Телеком» ЖЧК Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын техникалык тейлөө борборлорунун расмий реестрине киргизилген.